Стамбул аэропортунда жүргүнчү жана каттам саны көбөйдү

Стамбул аэропортундагы жыштык бүгүн дагы уланып жатканда, учак жана жүргүнчү агымынын көбөйүшүнө карата керектүү чаралар көрүлдү.

2125649
Стамбул аэропортунда жүргүнчү жана каттам саны көбөйдү

Орозо айт камтылган 9 күндүк майрам алдында кечээ Стамбул аэропортунан 1512 каттам менен 222 миң 72 жүргүнчү саякаттады.

Стамбул аэропортундагы жыштык бүгүн дагы уланып жатканда, учак жана жүргүнчү агымынын көбөйүшүнө карата керектүү чаралар көрүлдү.

Бул майрамда эң көп тандалган аэропорт болушу күтүлгөн Стамбул аэропортунан кечээ 1512 каттам жасалды. Аэропорт кечээ 222 миң 72 жүргүнчүнү кабыл алды.

Аэропорттон бүгүн 1448 каттам менен 231 миң 38 жүргүнчүнүн учушу күтүлүүдө.

9-апрель шейшемби күнү 1416 каттам менен жүргүнчү саны 278 миң 688ге жетет деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар