Эрдоган Эл аралык медиа жана исламофобия форумуна билдирүү жиберди
4 - Эл аралык медиа жана исламофобия форуму борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина жерлеринде жасалган кыргындын ошол эле учурда исламофобиялык аң - сезимдин натыйжасы экенин айтты.
4 - Эл аралык медиа жана исламофобия форуму борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.
Президент Эрдоган форумга билдирүү жөнөттү.
Израилдин Газадагы жарандарды бутага алган кол салууларына дагы бир жолу көңүлдөрдү бурган Эрдоган : "Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын шылтоосу менен жасалгандыгы айтылса да Газада басып алынган Палестина жерлеринде жасалган кыргындын ошол эле учурда исламофобиялык аң - сезимдин натыйжасы экенин баарыбыз билебиз",- деди.
Эл аралык мекемелердин адамзаттык кылмыштардын алдында күчсүз экендигин баса белгилеген Эрдоган : "Ыйык китебибиздин өрттөнүшүнө чейин барган кол салууларга ой эркиндиги деп айтылышын эч качан кабыл албаганыбызды бул жерден кайра баса белгилегим келет",- деди.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалыматтар
Жыл башынан бери жок кылынган террористтердин саны 2419га жетти.