Нуман Куртулмуш АПАнын 14 - жыйынына катышты

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Газанын адамзат тарыхындагы эң оор сыноолордун бирин  өткөрүп жатканын айтты.

2106002
Нуман Куртулмуш АПАнын 14  - жыйынына катышты

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин (ТУУП) спикери Нуман Куртулмуш Газанын адамзат тарыхындагы эң оор сыноолордун бирин  өткөрүп жатканын айтты.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш, Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 14 -  жыйынында сөз сүйлөдү.

 

Нуман Куртулмуш Израилдин Газада уланып жаткан кыргындарына каршылык көрсөттү. 

Палестина маселеси Хамастын 7 - октябрдагы кол салуусу менен башталбагандыгын,  Израилдин оккупациялоо процесси менен башталганын баса белгилеген Куртулмуш : "1948 -  жылдан тарта жана ал түгүл  1967 - жылдан тарта тилекке каршы маселе күч алып жаткан процессти жашап жатат",- деди. 

 

Куртулмуш Израилдин кол салуусу астындагы Газада адамзатка каршы уланып жаткан бул чоң кылмыштын адамзат тарыхындагы эң оор сыноолордун бири экендигин айтты.

"Газа тилкесин толугу менен курчоого алган Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху жана бандасы ал жерди курчоого алуу менен калган жок, жандуу эмне бар болсо атып чоң адамзаттык кылмыш жасоону улантууда",- деди. 

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери : "АПА башта болгон бардык эл аралык мекемелердин бул адамзаттык трагедияга үнсүз калбышы керектигин каалаймын",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар