Фахреттин Алтун : "Газада кыргын : жаңы далилдер"
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Анадолу агенттиги (AA) уюштурган «Газадагы геноцид: жаңы далилдер» панелинде сөз сүйлөдү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы 7 - октябрдан бери Газада кыргынын улантып жаткан Израилдин 200гө жакын жалган маалыматын чечмеледи.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Анадолу агенттиги (AA) уюштурган «Газадагы геноцид: жаңы далилдер» панелинде сөз сүйлөдү.
Алтун Израилдин 7-октябрдан бери Газада ачык геноцид кылганын баса белгилеп : «Израиль жасаган геноцидин жашыруу үчүн чоң аракет кылып жатат»,- деди.
Башкармалык катары Израилдин маалыматын кыянаттык менен ишке ашырышкандарын жана жалгандарын бирден аныкташкандарын баса белгилеген Алтун : «Жалган маалымат менен күрөшүү борборубуз 7 - октябрдан ушул күнгө чейин 200гө жакын жалган маалыматты чечмеледи»,- деди.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Израилдин чындыкты жашыруу аракеттеринин ийгиликсиздикке учурашы үчүн колдорунан келген бардык аракетти ортого салышарын белгиледи.