Фахреттин Алтун грек басма сөзүндө орун алган жалган маалымат тууралуу билдирди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун «Грек басма сөзүндө жалган маалымат камтыган кабарга» байланыштуу билдирүү жасады.

2087998
Фахреттин Алтун грек басма сөзүндө орун алган жалган маалымат тууралуу билдирди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун «Грек басма сөзүндө жалган маалымат камтыган кабарга» байланыштуу билдирүү жасады.

Социалдык медиа эсебиндеги  билдирүүсүндө «Жалган маалымат жаман» деген Фахреттин Алтун Түркия менен коңшу Грециянын жакындашуу процессине зыян келтирген бир манипуляциялык кабарды кантип жок кылгандары тууралуу маанилүү бир мисал бергиси келгенин айтты.

Алтун : "Грециянын ANT1 телеканалы негизги кабар бюллетенинде кээ бир сүрөттөргө таянуу менен "Түркия Кардактагы грек балыкчыларына кысым көрсөттү" деген кабар жарыялады. Грек коомчулугун манипуляциялоону максат кылган бул кабар социалдык медиада ылдам жайыла баштады. Процессти байкаңыз. Иликтөөнүн натыйжасында коммуникация башкармалыгыбыздын жалган кабарга  каршы күрөшүү борбору сүрөттөрдүн 3 жыл мурункуга таандык экендигин аныктады.

Түркиянын жээк коопсуздук кызматкерлери менен байланышкан адистер чыңалуунун болбогонун тастыкташты. Жалган маалымат менен күрөшүү борборубуз кабарды 3 тилде: түрк, англис жана грек тилдеринде жалган маалымат деп жарыялады. ANT1 телеканалы реакциялардан кийин жаңылыктарын оңдоого аргасыз болду. Биз өлкөбүз үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чындык үчүн күрөшүбүздү чечкиндүү улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар