Эрдоган жаңы жылдык билдирүүсүн жарыялады

Президент Эрдоган жаңы жылдык кайрылуусун видео конференция аркылуу бөлүштү.

2082610
Эрдоган жаңы жылдык билдирүүсүн жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөнү жакшыраак, адилеттүү жана гүлдөп турган келечекке даярдоо үчүн бардык аракетти колдой тургандарын айтты.

Президент Эрдоган жаңы жылдык кайрылуусун видео конференция аркылуу бөлүштү.

Өз кайрылуусунда «Жаңы календарлык жыл өлкөбүз, улутубуз жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болот деп ишенем», - деп баштаган Эрдоган Газада бейкүнөө жарандардын кырылышына каршы бардык өлкөлөрдүн орток позицияда болушу керектигин белгиледи.

Бүткүл адамзат үчүн дагы жакшы, дагы тынч жана гүлдөп турган келечек үмүтүн сакташкандарын баса белгилеген Эрдоган:«Бул үчүн биз адегенде демократиялык жана либералдык делген өлкөлөр кандуу террордук уюмдарга колдоо көрсөтүүнү үзгөнүн көрүшүбүз керек. Буга жетишүү үчүн алгач Газада бейкүнөө балдардын жана аялдардын өлтүрүлүшүнө каршы бардык өлкөлөр жана мекемелердин орток позицияда болушун көрүшүбүз керек. Бул үчүн эң оболу өзгөчө Орусия менен Украинанын ортосунда болгон согушта жеке адамдарды азапка салган, кайгы алып келген жана өлкөлөрдүн ресурстарын ысырап кылган иш-аракеттерди токтотуу үчүн адилеттүү жана чын ыкластуу аракеттерди көрүшүбүз керек. Буга жетүү үчүн эң оболу кылымдар бою эксплуатацияланган, кадыр-баркы тебеленип келген коомдордун байлыгы өздөрүнүн келечеги, бакубаттуулугу жана коопсуздугу үчүн колдонулуп жатканын көрүшүбүз керек»,-деди.

Үмүттөрдү чындыкка айландыруу үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн, мекемелердин жана адамдардын орток баалуулуктар жана принциптердин айланасында интеграцияланышы керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Биз дүйнөнү жакшыраак, адилеттүү, гүлдөп өнүккөн келечекке даярдоо үчүн бардык аракеттерди колдойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар