Жыл башынан бери 2 миң 67 террорист жок кылынды

Министр Гүлер, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында министрликтин 2024-жылдагы бюджетине байланыштуу сөз сүйлөдү.

2076432
Жыл башынан бери 2 миң 67 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жыл башынан бери 2 миң 67 террористтин жок кылынганын айтты.

Министр Гүлер, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында министрликтин 2024-жылдагы бюджетине байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө, «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы», «Тынчтык булагы», «Жаз калканы», «Чеңгел» операциялары жана берки операциялар менен жикчил террордук уюмдун өлкө ичинде жок болуу чегине жеткенин, чек арадан Түркияга каршы кол салууларга бөгөт коюлганын, чек араларда түзүлүүсү пландалган террор коридорунун жок кылынгандыгын баса белгиледи.

Гүлер: «Өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугу үчүн бардык террордук уюмдарга каршы күрөштө чоң ийгиликтерге жетишкен баатыр түрк аскерлерибиз, ийгиликтерине күн сайын жаңыларын кошууда. Ушул алкакта быйылкы жылдын башынан бери 2 миң 67 террорист жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар