Президент : "Нетаньяху өкмөтү аймагыбыздын коопсуздугун коркунучка салууда"
Президент Эрдоган Катарда өткөн 44 - Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдеги премьер - министр Беньямин Нетаньяху өкмөтүнүн бардык аймактын коопсуздугун жана келечегин коркунучка салгандыгын белгиледи.
Президент Эрдоган Катарда өткөн 44 - Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинде сөз сүйлөдү.
Түркиянын эл аралык инвесторлор үчүн коопсуз башпаанек статусун сактаганын баса белгилеген Эрдоган : "Түрк экономикасына ишенген боордошторубузга бардык колдоону көрсөтүүгө даярбыз",- деди.
Газа тилкесинде уланып жаткан Израиль - Хамас кагылышуусуна да токтолгон президент Эрдоган : "Алдыңкылыгыбыз дароо туруктуу ок атышпоонун жарыяланышы жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын киришине шарт түзүү",- деди.
"Нетаньяху администрациясы саясий өмүрүн узартуу үчүн бүт аймагыбыздын коопсуздугун жана келечегин коркунучка салууда»,-деген президент Эрдоган : "Газадагы зулумчулуктун Сирияны да камтый тургандай аймактык согушка айлануусуна мүмкүнчүлүк бербешибиз керек",- деди.
"Көбүнчө балдар жана аялдар болгон 17 миң бейкүнөө палестиналыктын өлүмү адамзатка каршы кылмыш, согуш кылмышы. Израиль бул кылган кылмыштардан кутулбашы керек",- деди президент Эрдоган.
Президент Эрдоган самиттен кийин Катардын борбор шаары Дохадан кетти.