Эрдоган: «Газалык туугандарыбыз адамзат тарыхындагы эң мыкаачылык кол салууларга дуушар болушту»

Президент Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги франция жыйынында сөз сүйлөдү.

2070422
Эрдоган: «Газалык туугандарыбыз адамзат тарыхындагы эң мыкаачылык кол салууларга дуушар болушту»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, (Израилдин палестиналыктарга каршы кыргындары тууралуу): «Газалык туугандарыбыз 7-октябрдан бери адамзат тарыхындагы эң мыкаачылык кол салууларга дуушар болушту»,-деди.

Президент Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Газалыктардын 7-октябрдан бери адамзат тарыхындагы эң чыккынчы жана эң жийиркеничтүү кол салууларга дуушар болгонун баса белгилеген Эрдоган: «(Израиль күчтөрү) Газаны 50 күн бою бүткүл дүйнөнүн көз алдында талкалашты. Алар адамзат тарыхына кара из калтырган ар кандай мыкаачылыктарды кылышты. 70 пайыздан ашыгы аялдар жана балдар болгон 16 миңге жакын газалык тууганыбыз Израилдин кол салууларынын натыйжасында шейит болду. 35 миңден ашуун палестиналык жаракат алды»-деди.

Газада акыркы кылымдын эң чоң зулумдуктарынын бирин жасаган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун аты тарыхка «Газа касапчысы» катары эчак эле жазылганын айткан Эрдоган: «Бул кара так Нетаньяхунун чекесине гана эмес, аны колдогондордун бардыгына жазылды. Бул уяткаруучу так эч качан кетпейт»,-деди.

Газадагы согуш кылмыштарына Батыш өлкөлөрүнүн кайдыгер мамилесин эч качан унутпай тургандарын баса белгилеген президент, Израилдин администрациясын эл аралык укук жана адамдык абийир алдында жоопко тартуу үчүн бардык жолдорду сынай тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар