Индиянын Анкара элчилиги Анкарада иш - чара өткөрдү
Индиянын Анкара элчилиги тарабынан өткөрүлгөн "Дивали сый тамагына" Индиянын Анкарадагы элчиси Вирандер Пол, айрым депутаттар менен көп сандаган конок катышты.
Индиянын Анкара элчилиги Индия - Түркия достугун белгилөө үчүн Анкарада иш - чара өткөрдү.
Индиянын Анкара элчилиги тарабынан өткөрүлгөн "Дивали сый тамагына" Индиянын Анкарадагы элчиси Вирандер Пол, айрым депутаттар менен көп сандаган конок катышты.
Элчи Пол бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Индиянын жылдын бул мезгилдеринде көп сандаган фестивалдарды өткөргөндүгүн эске салып : "Өзгөчө бул жылы Индия бир жылга жакын убакыттан бери аткарып келе жаткан Чоң жыйырмалыктардын кезектешкен башкаруучулугун ийгиликтүү аяктоосуна туш келип жатат. Ушул себептен да муну белгилеп жатабыз",- деди.
Түркиянын быйылкы Чоң жыйырмалык процессине чын жүрөктөн жана конструктивдүү катышуусунун өтө маанилүү экенин баса белгилеген Пол Индия - Түркия карым - катнаштарына токтолду.
6 - февралдагы Кахраманмараш жер титирөөсүндө Индиянын эки чоң издөө куткаруу тобун жибергенин жана чоң талаа ооруканасынын курулганын эске салган Пол : «Мындай кыйын кырдаалда жараларыңызга шыпаа боло алуу биз үчүн абдан баалуу эле",- деди.
Бир тараптан Пол 2021 - жылы Индияда Ковид-19 эпидемиясы күчөп жаткан мезгилде Түркиянын Индияга берген медициналык жабдуулар боюнча жардамына да токтолу : "Эки чоң демократиянын элдеринин ортосундагы салттуу достук жана маданий байланыштарга чоң маани беребиз",- деди.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Диярбакыр депутаты Галип Энсариоглу иш-чарага катышуудан сыймыктангандыгын белгилеп : “Бүгүн мен Индия менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди баса белгилеп, бул мамилелердин келечегине болгон үмүтүбүздү бөлүшкүм келет”, - деп айтты.
Эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштар менен тыгыз байланышта экенин белгилеген Энсариоглу 6 - февралдагы эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Индия өкмөтү жана элинин Түркияга көрсөткөн колдоосу жана тилектештиги мунун эң сонун үлгүсү экенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалыматтар
Жыл башынан бери жок кылынган террористтердин саны 2419га жетти.