Кападокияда шарлар Ататүрктүн постерлери менен учту
Ысык аба шарлары Кападокиянын асманына көтөрүлүп, пери морулары менен капталган өрөөндөрдө учуп жүрүштү.
Кападокияда ысык аба шарлары «10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн» улам түрк желеги жана Ататүрктүн постерлери менен учту.
Невшехирдин Гөреме жергесинде Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 85 жылдыгынан улам туристтерге карата саякат үчүн даярдалган кээ бир ысык аба шарларынын себеттерине түрк желектери жана Ататүрктүн постерлери илинди.
Даярдыктар аяктагандан кийин ысык аба шарлары Кападокиянын асманына көтөрүлүп, пери морулары менен капталган өрөөндөрдө учуп жүрүштү.
Түрк желектери менен Ататүрктүн постерлерин ташыган шарлар асманда бир сааттай туруп, андан соң өрөөндүн айланасындагы жерлерге конду.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.