Республикалык элдик партиясынын куттуктоосу

Кылычдароглу  куттуктоосунда бир кылым мурда жарыяланган республиканын  бир нече улуттар үчүн маанилүү экенин белгиледи.

2057142
Республикалык элдик партиясынын  куттуктоосу

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу Түркия Республикасынын негизделишинин  100  жылдыгы үчүн куттуктоо жарыялады. 

Кылычдароглу  куттуктоосунда бир кылым мурда жарыяланган республиканын  бир нече улуттар үчүн маанилүү экенин белгилеп : "Бүгүн Түркиянын гана эмес, дүйнөнүн бардык эзилген элдеринин  тагдырын өзгөрткөн, күчтүүлөрдү эмес, адилеттүүлөргө күч берген күн»,-деген Кылычдароглу : "Бүгүн Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн лидерлигинде  көз карандысыздыгына жетишкен улутубуз башкарууну колго алган күн",- деди. 

Республиканын жарыяланышынан кийин ташталган кадамдарга баа берген Кылычдароглу : "Республика түзүлгөндөн кийин дароо жасалган бурулуштар согуш талаасында жетишкен жеңиштерибизден кийин экономикалык жеңиштер келди.  Түркия Республикасы өзүнүн толук көз карандысыздыгын жарыялады", - деди. 

Республикалык элдик партиясынын лидери : "Башта улуу жол башчы  Мустафа Кемал Ататүрк жана жолдошторун бардык шейиттерди урмат сый менен эскерем. Элибизди  29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттуктаймын",- деди. 


 

 

 



Тектеш кабарлар