Түркиядан Түштүк Судандагы тынчтык процессине колдоо көрсөтүлдү

(Түштүк Судан) Коргоо министрлигинде өткөрүлгөн аземде Түркиянын Жубадагы элчиси Эрдем Мутаф Түштүк Судан бийлигине 75 миң аскердик кийим жана тиешелүү материалдарды тапшырды.

2049221
Түркиядан Түштүк Судандагы тынчтык процессине колдоо көрсөтүлдү

Түштүк Судан бийлигинин талабынын алкагында Түркия 2018-жылы келишим менен башталган Түштүк Судан Тынчтык процессине салым катары жаңы түзүлгөн Бириккен армияга 75 миң аскердик кийим жана ага тиешелүү материалдарды берди.

(Түштүк Судан) Коргоо министрлигинде өткөрүлгөн аземде Түркиянын Жубадагы элчиси Эрдем Мутаф Түштүк Судан бийлигине 75 миң аскердик кийим жана тиешелүү материалдарды тапшырды.

Түштүк Судандын жооптуулары аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркия Республикасынын Бириккен армияга көрсөткөн колдоосуна ыраазы экендиктерин билдиришип, түрк элине, түрк өкмөтүнө жана Улуттук коргоо министрлигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосунда 2021-жылы башталган процесстин алкагында берилген аскердик материалдын биринчи бөлүгү 2023-жылдын 16-февралында аба жолу менен Жубага, калган материал деңиз аркылуу Кениянын Момбаса портуна жөнөтүлгөн, ал жерден Түштүк Судандын Коргоо министрлиги тарабынан кургактык аркылуу Жубага ташылган.



Тектеш кабарлар