Мехмет Фатих Кажыр : "Дүйнөгө белгилүү 70тен ашуун астронавт Түркияга келет"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр дүйнөгө таанымал 70тен ашуун астронавттын Түркияга келе тургандыгын билдирди.

2041240
Мехмет Фатих Кажыр : "Дүйнөгө белгилүү 70тен ашуун астронавт Түркияга келет"
Planetary Congress-Bursa.jpg
mehmet fatih kacir.jpg

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр дүйнөгө таанымал 70тен ашуун астронавттын Түркияга келе тургандыгын билдирди. 

Министр Кажыр жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Гөкмен космостук авиация окуу борборунун (GUHEM) космостук изилдөөчүлөр ассоциациясы (ASE) тарабынан уюштурулган Планетардык конгресс иш-чарасын өткөрө турганын айтты.

Кажыр  Түркиянын конгрессте 70тен ашуун дүйнөгө таанымал астронавтты 5 коноктой тургандыгын айтып : "Дүйнөгө белгилүү астронавттар жана космонавттар да катыша турган Планетардык конгресс иш-чарасына Түркиянын тандалышы Улуттук космос программасынын үзүрүн алуу жагынан маанилүү»,-деди. 

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркиянын космостук авиация темасындагы биринчи интерактивдүү билим берүү борбору GUHEMдеги конгрессте Артемис II миссиясы менен Айдын орбитасына чыга турган унаанын пилоту америкалык астронавт Виктор Ж. Гловер, эки миссияда жалпысынан 191 күн космосто болгон кытайлык Фей Цзюньлонго, космосто 747 күн болгон орус космонавт Сергей Андеевден Канаданын мурдагы губернатору Жули Пайеттке чейин 19 өлкөдөн 70тен ашуун астронавт жана космос изилдөөлөрүнүн жол башчылары катышат.

Бурсада 25-  29 - сентябрда боло турган конгрессте космос боюнча техникалык сессиялар менен катар онлайн платформаларда илимий жана коомдук иш - чаралар, семинарлар, маектер жана студенттик жолугушуулар сыяктуу көптөгөн иш - чаралар уюштурулат.

Түркиянын алгачкы космос саякатчылары Алпер Гезеравжы жана Тува Атасевер да иш - чаралардын алкагында Түркиянын «Келечекти болжолдоо» сессиясынын алкагында космос ышкыбоздору менен жолугушат.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгында өткөрүлө турган иш  -  чаранын темасы Республиканын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзүнөн улам «Келечек асманда» деп белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар