Эрдоган: «Түркиянын коргонуу өнөр жайы кагылыш болгон аймактарда өзүн далилдеди»

Президент Эрдоган Стамбул TÜYAP жарманке жана конгресс борборунда бүгүн эшигин ачкан 16-Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесине (IDEF) видео кайрылуу жолдоду.

2015868
Эрдоган: «Түркиянын коргонуу өнөр жайы кагылыш болгон аймактарда өзүн далилдеди»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын коргонуу өнөр жайы кагылыш болгон аймактарда өзүн далилдегенин айтты.

Президент Эрдоган Стамбул TÜYAP жарманке жана конгресс борборунда бүгүн эшигин ачкан 16-Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесине (IDEF) видео кайрылуу жолдоду.

IDEFтин өзүн далилдеген уюм катары коргонуу өнөр жайында дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айланганын баса белгилеген Эрдоган:«Миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюлган, жаңы өнөктөштүктөр түзүлгөн жана коргонуу өнөр жайынын өнүмдөрү көргөзүлгөн жарманкебиз бул жылы ийгилигин дагы да арттырат деп ишенем»,-деди.

Көп жылдар бою чечкиндүүлүк менен ишке ашырылган улуттук технология кыймылынын үзүрүн ар башка тармактарда жыйнай баштагандарын билдирген Эрдоган:«Түрк коргоо өнөр жайы акыркы жылдарда бүткүл дүйнө суктануу менен ээрчиген ийгилик тарыхын жазууда. Биздин өнөр жайыбыз бронетранспортерлери, артиллериясы, ракеталары, абадан коргонуу системалары жана кагылыш болгон аймактарда сыноодон өткөн бардык курал-жарак жана радар системалары менен өзүнүн жетилгендигин далилдеди»,-деп айтты.

Өткөн жылы коргонуу өнөр жайында 4 миллиард 400 миллион долларлык экспорт көрсөткүчүнө жеткендерин баса белгилеген Президент:«Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 2 миллиард 378 миллион долларлык экспорттун рекорддук деңгээлине жетиштик. 2023-жылдагы максатыбыз 6 миллиард доллар. Жылдын акырына карата экспорттук планыбызга жетебиз жана бул көрсөткүчтөн да ашып кетебиз деп ишенем»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар