Эрдоган-Байден жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Литвада өткөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен жолугушту.

2009988
Эрдоган-Байден жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Литвада өткөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен жолугушту.

Эки лидердин жолугушуусу бир сааттан ашык уланды.

Президент Эрдоган жолугушуунун алдында жасаган билдирүүсүндө: «Мен стратегиялык механизмдин алкагында (АКШ менен) мамлекет башчыларынын деңгээлинде кеңешүүлөрдү өткөрүүгө убакыт келди деп эсептейм. Мен бул жолугушууну биринчи кадам катары көрөм. Президент Байден менен биздин мурунку жолугушууларыбыз ысынуу маанайында өткөн. Бирок азыр жаңы процессти баштап жатабыз»,-деди.

Байдендин Түркияда май айында болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болгондон кийин телефон чалып куттуктаганын белгилеген президент Эрдоган, АКШнын президентине: «Алдыдагы шайлоо процессинде сизге дагы ийгилик каалайм»,-деди.

Андан соң Эрдоган менен Байден жекеме-жеке жолугушууга барышты.

Байден да президент Эрдоганга Швецияга байланыштуу дипломатиясы жана лидерлиги үчүн ыраазычылык билдирип, Түркиянын Швециянын НАТОго кошулуу протоколунун Түркия Улуу Улуттук Жыйынына (TBMM) сунушталаарын жарыялоосуна канааттангандыгын билдирди.

НАТОнун саммитин «тарыхый» деп мүнөздөгөн Байден альянстын коргонуусун күчтөндүрүү боюнча милдеттенмелерин да кайталады.

Президент Эрдоган 2024-жылы АКШда өтүүчү президенттик шайлоодо ийгилик каалагандан кийин Байден ага ыраазычылык билдирип, «Келе жаткан беш жылда сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм»,- деди.

Ошол эле учурда президент Эрдоган жолугушууга байланыштуу социалдык медиа баракчасында: «Жолугушубузда (Байден менен) эки тараптуу мамилелерибизди жана коопсуздук жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү талкууладык. Байланыштарыбыз жемиштүү болушун каалайм»,-деп өз билдирүүсүн жасады.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө да, «Жолугушууда Түркия менен АКШнын ортосундагы саясий, экономикалык жана соода карым-катнаштары, коопсуздук тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана аймактык маселелер каралды», деген маалымат берилди.

Байден да Вильнюстагы НАТО саммитинин алкагында президент Эрдоган менен жолугушуусуна байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн бөлүштү.

Президент Байден НАТО саммитинин Түркиянын Швецияга кошулуу чечимин чыгарышы менен «дагы тарыхый» мааниге ээ болгонун белгиледи.

Байден президент Эрдоган менен түшкөн сүрөтүн да бөлүшүп: «НАТО саммитинин алкагында Литвада президент Режеп Таййип Эрдоган менен кайрадан жолугушуу абдан сонун болду»,- деди.



Тектеш кабарлар