Улуттук коргоо министри Дендиас менен сүйлөштү
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Гүлер грек кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Грециянын коргоо министри Никос Дендиас менен Ишенимди арттыруучу чаралар жыйындарынын кайрадан башталышы жана бул тууралуу кенен түрдө НАТОнун Вильнюс саммитинде сүйлөшүү боюнча макулдашышты.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Гүлер грек кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Эки министрдин жаңы кызматтарынан улам бири бирин куттуктап, ийгилик каалашкан сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым - катнаштарындагы оң күн тартибинин улантылышы жана диалог каналдарын ачык кармоонун мааниси баса белгиленди.
Өзгөчө Гүлер менен Дендиас Ишеним арттыруучу чаралар жыйындарынын кайрадан башталышы жана бул тууралуу кенен түрдө 11 - 12 - июлда Литванын борбор шаары Вильнюста боло турган НАТО саммитинде сүйлөшүү боюнча макулдашышты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.