Министр Уралоглу Зангезур коридору тууралуу маалымат берди

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Зеңгезур коридорундагы учурдагы абал жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди.

2001148
Министр Уралоглу Зангезур коридору тууралуу маалымат берди

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Зангезур коридорунун Түркиянын аймактагы стратегиялык позициясынын маанисин арттыра турганын айтты.

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Зангезур коридорундагы учурдагы абал жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди.

Зангезур коридорунун Түштүк Кавказда экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере турганын баса белгилеген Уралоглу: «Зангезур коридорунун ишке кириши менен Ортоңку коридордун темир жол жана автотранспорттук жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, бул Пекинден Лондонго чейин Чыгыш-Батыш соодасынын өсүшүнө оң салым кошот. Ортоңку коридордун эффективдүүлүгүнүн жогорулашы менен Каспий деңизинде Азербайжан менен өнүктүрө турган долбоорлор, ошондой эле Нахчыван жана Орусия менен кызматташуу транспорт жана энергетика  жаатындагы кызматташтык менен өлкөбүздүн аймактагы стратегиялык позициясынын мааниси жогорулайт.

Мындан тышкары, аймакта боло турган жүк ташуу кыймылынын өлкөбүздүн Кавказ чек арасындагы провинцияларынын экономикалык жактан чыңдалышына жана өзгөчө логистика сектору үчүн жумуш орундарынын санынын көбөйүшүнө оң таасирин тийгизиши пландалууда»,деген баасын берди.

Уралоглу линиянын Армения чек арасына чейинки бөлүгүнүн курулушунун уланып жатканын, Хорадизден Нахчывандын Ордубад аймагына 166 километрдик жаңы темир жол курула турганын айтты.

Армян тилкесинин Зангезур аймагынан өтө турган 43 чакырымдык бөлүгүнүн курулушу үчүн Азербайжан менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турганын белгилеген Уралоглу, темир жол линиясы менен бирге авто жол линияларынын да параллелдүү түрдө ишке киргизиле турганын белгиледи.

Уралоглу Түркия менен Азербайжандын ортосунда жаңы транспорт байланышын камсыздай турган Карс-Нахчыван темир жолу долбоорунун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жаңы транспорт байланышы камсыздала турганын белгиледи.

Министр Уралоглу Зангезур коридорунун Борбордук Азияны, Каспий аймагын, Азербайжанды жана Арменияны Түркия менен байланыштырган социалдык-экономикалык, геосаясий жана геостратегиялык өзгөчөлүктөргө ээ болгондугу үчүн Орусия, Азербайжан, Түркия жана Армениянын ортосундагы темир жол тармагын кеңейтүүнүн аймактык соодага оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар