Түркияда шайлоо аяктады

Түркиянын 5 жыл кызмат өтөй турган президентин аныктай турган шайлоодо Элдик альянстын талапкери Режеп Таййип Эрдоган менен Улуттук альянстын президенттикке талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышты.

1991983
Түркияда шайлоо аяктады
cumhurbaşkanı-seçim.JPG
kılıçdaroğlu.png
çavuşoğlu-oy kullandı2.JPG

Түркиянын саясий тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүү процедуралары Түркиянын жалпы жеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00де аяктап, үкөктөр жабылды.

Түркиянын 5 жыл кызмат өтөй турган президентин аныктай турган шайлоодо 14-майдагы биринчи турда эң көп добуш алган Элдик альянстын талапкери Режеп Таййип Эрдоган менен Улуттук альянстын президенттикке талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышты.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тизмесине катталган 3,5 миллионго жакын шайлоочу үчүн 73 өлкөдө 151 өкүлчүлүктө 167 пунктта шайлоо үкөктөрүнүн комиссиялары түзүлгөн.

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процедуралары 24-майда аяктады.

Чет өлкөдө колдонулган бюллетендер учактар ​​жана дипломатиялык курьерлер менен Түркияга алынып келинди.

Баш калаа Анкарада Чет элдик округдук шайлоо кеңешинде сакталган добуштар да санала баштады.

Эрдоган менен Кылычдароглу 14-майда болгон үч талапкердин катышуусунда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында биринчи 2 орунду бөлүшкөн, бирок жеңүү үчүн зарыл болгон 50+1% чегинен өтө алышкан эмес.

Ал арада президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Стамбулда добуш беришти.

Улуттук альянстын президенттикке талапкери, Жумурият элдик партиясынын (CHP) төрагасы Кемал Кылычдароглу жана жубайы Селви Кылычдароглу президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн борбор шаар Анкарада добуш беришти.

Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер, борбор шаар Анкарада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш берүүдөн кийинки билдирүүсүндө, бүгүн өткөрүлгөн шайлоонун 14-майдагы биринчи турдан эрте жыйынтык чыгараарын ойлогондорун айтты.



Тектеш кабарлар