MIT пкк/йпгнын жооптуусу делген «Мазлум Карамок» каймана аттуу Сабри Абдуллахты таасирсиз кылды

Бул тууралуу коопсуздук булактарынан маалымат берилди.

1981183
MIT  пкк/йпгнын жооптуусу делген «Мазлум Карамок» каймана аттуу Сабри Абдуллахты таасирсиз кылды

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Сириянын түндүгүндөгү Айнуларабда метрополияларда кыймылдарга буйрук берген жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын аскердик чалгындоо кызматкери деп аталган «Мазлум Карамок» каймана аттуу Сабри Абдуллахты таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Абдуллахтын 2018-жылы МИТ жүргүзгөн операциядан жаракат алып аман калгандан кийин террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрү тарабынан өлдү деген маалымат жайылган Абдуллахтын тирүү экендиги жана ЙПГ/СЕЛдин жоопкерчилигине алып келинип «Бахоз Эрдал» каймана аттуу Фехман Хүсейиндин буйругу менен MIT мүчөлөрүнө карай кыймыл кылууга даярдана башталганы аныкталды.

Метрополияларда жүргүзүлө турган кыймылдарды пландоо жана уюштуруу иштерин да аткарган Абдуллах MIT тарабынан издөөгө алынды.

Узак убакыт мурун операция аймактарында жана Түркияда Мехметчикке каршы кыймыл уюштуруу менен катар террордук уюмга каршы болгон оппозициянын ысымдарын зыянсыздандыруу жана уурдоо, Түркия тууралуу чалгындоо маалыматын чогоултуу, куралдуу кыймыл пландоо жана багыттоо иштерин башкарууга чечкиндүү болгон Абдуллах Сириянын түндүгүндөгү Айнуларабда таасирсиз кылынды.

«Мазлум Карамок» менен бирге ар кайсы убакта жана аймактарда «Мазлум Доган» жана «Мазлум Кобани» каймана ысымдарын да а колдонгон Абдуллах 2010-жылы ПКК/ЙПГга кошулуп, ПКК/ЙПГ-СЕЛ ичинде кыймылын уланткан.



Тектеш кабарлар