Грециянын коргоо министри Түркия-Греция карым-катнаштарынын каралып чыгылышы керектигин белгиледи

«Ta Nea» гезитине маалымат берген Панайотопулос шейшемби күнкү Түркия сапарын «мыкты меймандостук, үй-бүлөлүк атмосфера, позитивдүү чын ыкластуулук» деп мүнөздөдү.

1971743
Грециянын коргоо министри Түркия-Греция карым-катнаштарынын каралып чыгылышы керектигин белгиледи

Грециянын коргоо министри Никос Панайотопулос 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин Түркия-Греция карым-катнашындагы жакындашуунун каралып чыгылышы керектигин белгиледи.

«Ta Nea» гезитине маалымат берген Панайотопулос шейшемби күнкү Түркия сапарын «мыкты меймандостук, үй-бүлөлүк атмосфера, позитивдүү чын ыкластуулук» деп мүнөздөдү.

Панайотопулос эки тараптуу карым-катнаштардагы атмосфераны жакшыртуу үчүн Түркияда коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушканын билдирди.

Шейшемби күнкү сапардын Грециянын коргоо министринин Түркияга акыркы 20 жылдан берки биринчи сапары экенине көңүл бурган Панайотопулос сүйлөшүү столунда чыңалууну басаңдатунун зарылдыгын, машыгуулардын алдын ала белгиленген эл аралык машыгуулардан тышкары чектелүүсүн, 15-июндан 15-сентябрга чейин Эгей деңизинин эл аралык сууларында жана аба мейкиндигинде машыгуулардан алыс болууну караган мораторий мөөнөтүн бир айга узартуу сыяктуу маселелердин сүйлөшүлгөндүгүн айтты.

Панайотопулос эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын климаттын өзгөрүшү, өрт жана жер титирөө сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүүдө арттырылышы мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурду.

Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөнүн эки тараптуу карым-катнаштарда «мүмкүнчүлүк терезеси» жаратканын белгилеген Панайотопулос: «Бул мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек»,-деди.

Панайотопулос эки тараптын тең диалогду жактай турганын баса белгиледи.

Грециянын коргоо министри Акардын чакыруусу менен шейшемби күнү Хатайга келген. Эки министр жер титирөө болгон аймактагы иликтөөлөрүнөн кийин жекеме-жеке жолугушуу өткөргөн.



Тектеш кабарлар