Президент Эрдоган Кахраманмарашта жарандар менен ооз ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 -  февралда болгон жер титирөөлөрдүн эпицентри Кахраманмараштын Каражасу контейнер шаарында шейит, ардагер жана жер титирөөдөн жабыркаган үй  - бүлөлөр менен ооз ачты.

1964459

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө бул жылы Рамазандын жер титирөөлөрдөн улам каза болгондордун кайгысы менен тосулгандыгын белгилеп, жер титирөөдө каза болгон жарандарга Аллахтан ырайым, жакындарына сабыр жана дарыланып жаткан жаралууларга шыпаа тиледи.

Президент Эрдоган жер титирөөнүн 14 миллион жарандын турмушун өзгөрткөндүгүн белгилеп : «Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарыбызга жалгыз эмес экендерин сездирүү биздин жоопкерчилигибиз жана бир туугандык милдетибиз»,- деди.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө да токтолгон Эрдоган : «Акыркы бир террорист өлкөбүз жана элибиз үчүн коркунуч болуудан чыкканган чейин операцияларыбыз чек аранын ичинде жана тышында улантылат. Террорду жеңүү менен эле калбайбыз. Террорго колдоо бергендерди,  курал  - жарак бергендерди да жок кылабыз»,- деди.  

Тектеш кабарлар