Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 47 миң 975ке жетти

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер борбор калаа Анкарадагы AFAD башкы кеңсесинде маалымат берди.

1958307
Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 47 миң 975ке жетти

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө 47 миң 975 кишинин каза болгонун жарыялады.

Сезер борбор калаа Анкарадагы AFAD башкы кеңсесинде жасаган билдирүүсүндө очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөр кыйратып кеткен аймактарда интенсивдүү жакшыртуу иштери уланып жатканын жана бир тараптан урандыларды тазалоо иштеринин да уланып жатканын белгиледи.

Жер титирөөдө каза болгондордун санында өсүү болгонун белгилеген Сезер: «Учурда 47 миң 975 адам каза болду. Алардын 6 миң 278и сириялык бир туугандарыбыз баш болгон чет элдик улуттук кырсыктын курмандыктары»,- деди.

Учурда 3 миң 954 издөө-куткаруу кызматкеринин урандыларды чыгаруу жана гуманитардык жардам иштерине катышып жатканын белгилеген Сезер, башка өлкөлөрөн келген 300гө жакын издөө куткаруу кызматкеринин аймакта экенин айтты.



Тектеш кабарлар