Жер титирөөдө каза болгондордун саны 44 миң 374кө жетти

Бул тууралуу Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) башчысы Юнус Сезер маалымат берди.

1951725
Жер титирөөдө каза болгондордун саны 44 миң 374кө жетти

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 44 миң 374кө жетти.

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) башчысы Юнус Сезер 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун санынын 44 миң 374 болгонун билдирди.

Юнус Сезер аймакта 6-февралдан бери 10 миңге жакын жер титирөө болгондугун, 8 миң 182 издөө-куткаруу кызматкеринин дагы эле иштеп жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар