Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 40 миң 689га жетти

Бул тууралуу табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер билдирүү жасады.

1948310
Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 40 миң 689га жетти

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 40 миң 689га жетти.

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер билдирүүсүндө: «Облустардын көбүндө издөө-куткаруу иштери аяктады.  Биз 40 миң 689 жарандын каза болгонун аныктадык. Абалды жакшыртууга карата иштерибизди да улантуудабыз. 250 миңге жакын чатыр тигилди.  68 миң контейнерлер үчүн инфраструктуралык иштер бүттү»,- деди.

Ошол эле учурда AFADдагы жер титирөө жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча башкы директору Орхан Татар аймактагы жер титирөөлөрдүн санынын 6 миң 40ка жеткенин жана бул жер титирөөлөрдүн бир канча убакытка чейин улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар