Жер титирөө болгон аймактарга чет өлкөлөрдөн жардамдар жөнөтүлүп жатат...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон "кылымдын апааты" деп аталган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин аймакка чет өлкөлөрдөн жардамдар келе баштаган.

1948205
Жер титирөө болгон аймактарга чет өлкөлөрдөн жардамдар жөнөтүлүп жатат...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин Түркмөнстан, Түркиянын Ашхабаддагы элчилиги жана Түркмөн Кызыл Жарым Ай мекемесинин координациясында жүргүзүлгөн кампаниянын алкагында Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 1 жүк ташуучу унаа менен кышкы кийим жана 6 мобилдик ажаткана жөнөтүлдү.

Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга Катарда кайрымдуулук базары уюштурулду.

Кахраманмараштагы жер титирөөдөн улам Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ушул убакка чейин 106 учак менен Түркия жана Сирияга 3 миң 14 тонна жардам материалын жеткирди.

Сауд Арабия жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жардам ташыган 12-учактын Түркияга жеткенин билдирди.

Палестина, Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жаңы кайрымдуулук акциясын баштады.

Иорданиялык Хашимиттерге жардам берүү уюмунун баш катчысы Хусейн Шибли өлкөсүнүн Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга бир жума ичинде 12 учак, 21 жүк ташуучу унаа жана 10 тез жардам унаасын жибергенин билдирди.

Бахрейндин королу Хамед бин Иса Эл Халифанын тапшырмасы менен королдун гуманитардык иштер жана жаштар иштери боюнча өкүлү Насер бин Хамед Ел Халифанын көзөмөлүндө Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн улам «Тилектештик күнү» темасы менен жардам кампаниясы уюштурулду. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00дө башталган жана 3 саатка созулган акцияда 3,7 миллион долларлык жардамдын чогултулганы жарыяланды.

Түркиядагы йемендиктер уюштурган кампаниянын алкагында даярдалган жардам материалдарын ташыган 10 жүк ташуучу унаа Стамбулдан жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетти.

Ирактагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогултулган 56 фура жардам Түрк Кызылайы аркылуу аймакка жөнөтүлдү.

Босния-Герцеговина Федерациясы (FBIH) Кызыл Чырым уюму Түркия жана Сирияда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга 4 фура жардам жөнөттү.

Италияда Милан, Рим, Венеция жана Бриндиси шаарларынын борборлорунда чогулган жардамдын көлөмү 100 тоннадан ашты. Түрк аба жолдорунун (THY) учактары, кемелер жана жүк ташуучу унаалар менен жер титирөө болгон аймактарга жеткирүү үчүн Түркияга жардам жөнөтүлдү.

Мальтада эртең Мерсин портуна бара турган кеме менен болжол менен 32 тонна жардам материалынын жолго чыга турганы жана кийинки каттам менен жөнөтүлө турган 60 тонна жардам материалынын портто күтүп турганы белгилүү болду. Мальтада чогултулган жардамдын бир бөлүгү THYнын күнүмдүк каттамдары менен Түркияга жөнөтүлүшүн улантууда.

Ватикандын да жер титирөө болгон аймактардагы жарандарга жеткирүү үчүн Түркиянын Ватикан элчилигине 5 тонна узакка чыдамдуу тамак-аш жана гигиеналык материалдар жеткирилгени белгилүү болду.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Швейцариянын батышында жашаган түрк коомчулугу тарабынан чогултулган 27,5 тонна жардам материалы Түркияга жөнөтүлдү.

Германиянын Гамбург шаарынан Эл аралык демократтар биримдиги тарабынан жер титирөө болгон аймактарга жөнөтүлө турган 400 тонна материалды ташыган жардам поезди Стамбул Халкалы вокзалына келди.

Орусияда жер титирөөдөн жабыркагандарга чогултулган жардамдын көлөмү 200 тоннага жетти.

 



Тектеш кабарлар