Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркия тууралуу билдирүүсү

Никос Дендиас өлкөсүнүн Түркиянын жер титирөөдөн улам тарткан кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасай тургандыгын айтты.

1947512
Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркия тууралуу билдирүүсү

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас өлкөсүнүн Түркиянын жер титирөөдөн улам тарткан кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасай тургандыгын белгиледи.

Никос Дендиас Салоникиде өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө адам кыйынчылыгынын чексиз экендигин белгиледи.

Грециянын социалдык жана тарыхый ахлагынын тилектештикти камтыганын белгилеген Дендиас : «Кыска убакытта бул чын ыкластык менен коопсуз келечек түзүлө алат»,-деди. 

Дендиас Грециянын Европа жана Европа Биримдигинин (ЕБ) мүчөсү катары Түркия менен бирге экендерин айтты.  "Греция бул оор учурда алардын жанында болуп, алардын кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасайт",- деди. 

Кахраманмарашта 6 - февралда болгон  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар