Улуттук чалгындоо уюмунун операциясында АКШ тарабынан машыктырган террорист жок кылды
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү.
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Жезире аймагы боюнча жооптуусу «Рож Хабур» каймана аттуу Кивана Херо жок кылынды.
Улуттук чалгындоо уюму (MIT) тарабынан Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияда таасирсиз абалга келтирилген «Рож Хабур» каймана аттуу Кивана Херо АКШнын аймактагы күчтөрү тарабынан машыктырылган.
Террордук уюмда кол салууну үйрөткөн бул террорист, Түркияга кол сала турчу террористтерди даярдаган. Террорист Хесо тарабынан даярдалган уюмдун мүчөлөрү, «Тынчтык булагы» операциясы аймагы менен Мардин жана Шырнак линияларында коопсуздук күчтөрүнө карата кол салууларды жасаган.
Кыймылдары менен MITтин бута тизмесине кирген террорист тыкыр байкоого алынып, жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында жандоочулары менен бирге таасирсиз кылынды.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.