Шентоп кубалык кесиптеши Эрнандес менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп борбор шаар Анкарада делегациялар ортосундагы жолугушууда сөз сүйлөдү.

1915681
Шентоп кубалык кесиптеши Эрнандес менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Кубанын Элдик күч Улуттук Парламентинин төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен жолугушту.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп борбор шаар Анкарада делегациялар ортосундагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн жана элинин ортосундагы аралыктын узактыгына карабастан бири-бирине жакын жана достук сезимдер бар экенин, бул жерде эгемендик үчүн болгон катаал күрөштө эки өлкөнүн бири-бирине көрсөткөн урмат-сыйы чоң роль ойноп жатканын айтты.

Шентоп бул күрөштүн көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү жана илхам булагы экенин белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кубага карата киргизген санкцияларына токтолгон Шентоп, Кубанын эмбаргону жоюу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына сунуштаган мыйзам долбоорун Түркиянын жыл сайын колдогонун эске салды.

Кубанын көп жылдардан бери адилетсиз санкцияларга кабылганына карабастан принципиалдуу позициясы, Кубаны түрк өкмөтүнүн да, элинин да өзгөчө бир орунга коюусуна өбөлгө болгонун айткан Шентоп: «Биз АКШ тарабынан Кубага карата киргизилген адилетсиз жана мыйзамсыз санкцияларга каршы экенибизди ар бир платформада айтуудабыз. Кубанын жана анын элинин жыргалчылыгы үчүн чоң кыйынчылыктарды жараткан бул адамкерчиликсиз эмбарго эми жоюлат деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Кубанын Элдик Күч Улуттук Парламентинин төрагасы Эрнандес, АКШнын өлкөсүнө киргизген эмбаргосуна каршы Түркиянын колдоосуна ыраазычылык билдирип, өкмөттөр менен парламенттер ортосундагы карым-катнаштардын дагы арттырылышы керектигин айтты.

Шентоп менен Эрнандес билдирүүлөрдөн кийин парламенттер аралык кызматташтык протоколуна кол коюшту.



Тектеш кабарлар