Түркиядан жолго чыккан алгачкы жүк ташуучу поезд Өзбекстанга келди

Түркиядан жолго чыккан биринчи жүк поезди Иран жана Түркмөнстан аркылуу Өзбекстанга жетти.

1914294
Түркиядан жолго чыккан алгачкы жүк ташуучу поезд Өзбекстанга келди
Turkiye-ozbekistan ilk kargo treni1.jpg
Turkiye-ozbekistan ilk kargo treni.jpg

Түркиядан жолго чыккан биринчи жүк поезди Иран жана Түркмөнстан аркылуу Өзбекстанга жетти.

Ташкент темир жол вокзалында өткөрүлгөн тосуп алуу аземине Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар, Өзбекстан мамлекеттик темир жолунун башкы директору Хусниддин Хасилов, башка өзбек жана түрк расмий адамдары жана көптөгөн басма сөз өкүлдөрү катышты.

Элчи Бекар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TDT) алкагында өзгөчө экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү жана ошого жараша транспорт коридорлорун көбөйтүү боюнча иштердин уланып жатканын белгилеп, Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы экспорттук продукцияларды ташыган биринчи жүк поездинин Өзбекстанга келишин кубаттагандарын баса белгиледи.

Түркиядан Өзбекстанга, Өзбекстандан Түркия жана Европага товар агымын камсыздай турган маанилүү бир транспорт линиясынын курулушунун кубанычтуу экенин айткан Бекар бул жолдун Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын артышына салым кошо турганын айтты.

Хасилов ошондой эле Ташкентке келген жүк поезди ак буюмдарды, вентиляция системаларын жана башка буюмдарды ташыган 40 вагондон турганын билдирди.

Хасилов биринчи этапта айына бир жолу уюштурула турган жүк ташуучу поезд каттамдарынын келечекте айына экиге жеткириле турганы каралып жатканын, бул каттам ишке киргенден кийин аймактык ташууларда убакыт жана чыгым үнөмдөлө турганын белгиледи. Өзбекстан темир жол контейнер ишканасынын жооптуу кызматкери Заир Мирзаев Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан жаңы темир жол каттамында биринчи жолу жүк ташуунун ишке ашырылганын жана алгачкы жүк поездинин 25 күндө Ташкентке жеткенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар