Эрдоган: «Түштүк чек араларыбызда куруп жаткан 30 км коопсуздук тилкесин сөзсүз бүтүрөбүз»

Президент Эрдоган Шанлыурфадагы жамааттык ачылыш аземинде террор менен күрөшүүгө токтолду.

1914293
Эрдоган: «Түштүк чек араларыбызда куруп жаткан 30 км коопсуздук тилкесин сөзсүз бүтүрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкөнүн түштүк чек араларында куруп жаткан коопсуздук тилкесин сөзсүз бүтүрө тургандарын, террор коридорунун түзүлүшүнө уруксат бербей тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Шанлыурфадагы тобу менен ачылыш аземинде террор менен күрөшүүгө токтолду.

Прокси согушун жүргүзүп жаткандардын Түркиянын өз чек арасын коргоосуна каршы экенин белгилеген Эрдоган: «Чек араларыбыздын тышында багып семирткен террордук уюм өлкөбүзгө ар бир мүмкүнчүлүктө кол салууда. Аялдар, балдар дебестен жарандарыбызды кырып жатат. Бирок азыр Түркия мурдагы Түркия эмес. Бүгүнкү күндө өз саясий, экономикалык, аскердик көз карашын өзү белгилеген, демократия жана өнүгүү секириктерин өз эрки менен ишке ашырган, аймагында жана дүйнөдө сөз сүйлөгөн Түркия бар»,-деп айтты.

Террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендиктерин жана террор коридорунун түзүлүшүнө уруксат бербей тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Түштүк чек араларыбызда куруп жаткан 30 км коопсуздук тилкесин сөзсүз бүтүрөбүз. Террордук уюмдун жана анын тизгинин кармагандардын кол салуулары бизди бул чечкиндүүлүктөн кайтара албайт. Эч ким жалган иллюзияларга түшпөшү керек, эч ким жаңылыш эсептерди кылбашы керек. Биздин коопсуздугубузду эч ким коркунучка сала албайт, биз буга жол бербейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар