Газиантеп менен Килисте коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Кол салуулардан кийин Тель-Рыфат жана Айн-эль Араб аймактарындагы террористтердин турумдары чек ара аскерлери тарабынан аткыланды.

1908804
Газиантеп менен Килисте коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Сириянын түндүгүнөн Газиантеп жана Килиске удаама-удаа ракеталык кол салуулардан кийин чек ара тилкесинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү Тель-Рыфат аймагынан атылган снаряд, "Өнжүпынар" чек ара капкасынын жанындагы полициянын атайын операция кампусуна тийди.

Жардырууда кампустагы 1 аскер жана 7 полиция жараланды.

Килис мамлекеттик ооруканасына жеткирилген жаралуулардын ден соолугунун абалы жакшы экени маалымдалды.

Түнкүсүн Сириянын Айн Эль Араб аймагынан атылган 4 снаряд болсо Газиантептин Каркамыш районуна тийди.

Ээн талаага түшкөн снаряддар жарылып, бул кол салуу райондо тынчсызданууну жаратты.

Газиантеп менен Килиске ракеталык кол салуулардан кийин чек ара тилкесинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кол салуулардан кийин Тель-Рыфат жана Айн-эль Араб аймактарындагы террористтердин турумдары чек ара аскерлери тарабынан аткыланды.

Учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан аныкталган террордук буталар гаубица жана көп стволдуу ракета аткычтар менен жок кылынды.



Тектеш кабарлар