Акар: «Бул абал бизге өзүн-өзү коргоо укугун берүүдө жана аралдардын эгемендигине шек туудурууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Хүррийет» гезитине маалымат берди.

1883981
Акар: «Бул абал бизге өзүн-өзү коргоо укугун берүүдө жана аралдардын эгемендигине шек туудурууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Грециянын коргоо министри Никос Панагиотопулостун Мейс аралындагы сөздөрүнө реакция кылды.

«Хүррийет» гезитине билдирүү жасаган Хулуси Акар Панагиотопулостун Анталиянын Каш районун көрсөтүп: «Эмне деп жатасың? Деңизге секирип, сүзүп өтүп келемби? Болгону 2 миль... Көрөлү, эмне болорун?»-деп айткан анын сөзүнө мындай деп жооп берди: «Азамат, алардын акыркы кездеги чагымчыл мамилесине карап, биз алар сууга түшүүнү унутуп калышты го деп ойлогонбуз. Бул түшүнүк менен кете беришсе, сууда сүзгөндү билгени аларга абдан пайдалуу болот окшойт. (Жүз жыл мурда Боштондук согушунда гректер Измирден качып барып деңизге тобу менен кулаган). Биздин бардык жакшы ниеттүү аракеттерибизге карабастан, Грециянын кээ бир саясий ишмерлери провокациялык аракеттерди жана риторикаларды улантып жатышат. Түркияны жаманатты кылуу үчүн ар кандай жолдорго барып жатышат. Акыл, логика жана мыйзам менен түшүндүрүлбөгөн негизсиз жалаалар менен өздөрүн күлкүгө айландырып жатышат».

Түркиянын Грецияны маселелердин чечилишин сүйлөшүүгө тынымсыз чакырып жатканын баса белгилеген Акар, алардын диалогдон өжөрлүк менен качкандарын баса белгилеп: «Өздөрү ушундай кылып жатышат жана Түркия диалогдон качкан тарап деп калп айтып жатышат. Өз ара чечип ала турган маселелер боюнча алар НАТО, Европа Биримдиги (ЕБ), Америка Кошмо Штаттары (АКШ) сыяктуу үчүнчү тараптарга Түркиянын үстүнөн тынбай даттанып жатышат. Түркия менен ортосундагы эки тараптуу көйгөйлөрүбүздү, алар Түркия-НАТО, Түркия-Евробиримдик же Түркия-АКШ маселеси кылуу үчүн аракет кылып жатышат»,- деди.

Акар Грециянын аскердик эмес аралдарды куралдандыруусуна да токтолуп: «Бул абал бизге өзүн-өзү коргоо укугун берүүдө жана аралдардын эгемендигине шек туудурууда»,-деди.

Түркиянын максатынын тынчтык жана ырааттуулук үчүн Эгей деңизинин тынчтык жана достук деңизи болушу жана бардык байлыктын адилеттүү бөлүштүрүлүшү экенин баса белгилеген Хулуси Акар: «Бирок биз талаада, дасторкон үстүндө ар кандай адилетсиз жана мыйзамсыз аракеттерге керектүү жоопту бердик жана мындан ары да жоопту беребиз, муну билип коюшсун»,-деди.

 



Тектеш кабарлар