ДЕАШтын башкаруучусу делген 5 террорист колго түшүрүлдү

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Газиантеп облустук жандармерия командирлиги жана жандармериянын Сирия ыкчам тобу тарабынан операция жүргүзүлдү.

1876923
ДЕАШтын башкаруучусу делген 5 террорист колго түшүрүлдү

ДЕАШтын башкаруучулары делген 5  тероорист кол салууга даярданып жатканда кармалды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Газиантеп облустук Жандармерия командирлиги жана Жандармериянын Сирия ыкчам тобу тарабынан уюштурулган операцияда жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГнын Сириядагы Хасеке Ел Кеф түрмөсүнөн Жараблуска баруу шарты менен бошотулган ДЕАШтын сот кызматкери делген «Рами Ремо» каймана аттуу Рамо Мухаммед Аль Хамеддин 31-августта кол салууга даярданып жаткан жеринен кармалганы билдирилди.

Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылган:«Аль Хамеддин билдирүүсүнө ылайык, Түркияда кол салууга даярданып жаткан; ДЕАШтын чалгын кызматкери делген «Абу Ресул» каймана аттуу Эл Салих, социалдык медиа жооптуусу делген «Абу Эйүп» каймана атуу Хусам Давуд, билим берүү жооптуусу делген «Абу Абдрахман Аль Шами» каймана аттуу Ахмед Эл Хело жана уюмдун имамы делген да «Абу Рашид» каймана аттуу Кеми Айдан болгон ДЕАШтын төрт мүчөсү Сириянын Жараблус аймагында чек араны кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды».

Билдирүүдө террористтерге жардам бергени аныкталган 6 шериктештин да кармалганы, операцияларда бир АК-47 Калашников жөө аскер мылтыгы, бир магазин жана 27 патрон колго түшүрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар