Чавушоглу Лавров менен жолугушту

Чавушоглу жолугушууга байланыштуу билдирүү жасады.

1863319
Чавушоглу Лавров менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Камбоджага сапарынын алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугушту.

Чавушоглу жолугушууга байланыштуу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Камбоджадан кетер алдында орусиялык кесиптешим Лавров менен жолугуштум. Биз украин эгиндерин коопсуз ташуу маселесин жана аймактык окуяларды талкууладык»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу ага чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, Катардын тышкы иштер министри Мухаммед Бин Абдуррахман Аль Сани, Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Наная Махута, Камбоджанын Мусулмандар боюнча улук министри Осман Хасан, Бруней-Даруссаламдын тышкы иштер министри Эриван Юсуф, Шри-Ланканын тышкы иштер министри Али Сабри менен өз-өзүнчө жолугушкан болчу.

Министр Чавушоглу Түркия- АСЕАН сектордук диалог өнөктөштүгүнүн үч тараптуу жыйынынын төртүнчүсүнө катышуу үчүн Камбоджанын борбор шаары Пномпенге барган.



Тектеш кабарлар