Террорго каршы жүргүзүлгөн операцияда боз категориядагы террорист жок кылынганы аныкталды

Таасирсиз кылынгандардын арасында «Элиф Авеста» каймана аты бар Бетүл Дилердин Терроризм үчүн издөөгө алынгандар тизмесинде 500 миң лиралык сыйлык менен боз категорияда болгону аныкталды.

1778269
Террорго каршы жүргүзүлгөн операцияда боз категориядагы террорист жок кылынганы аныкталды

Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Террор жана террористтерге жол жок. Баатыр десанттарыбыз «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданган 4 ПКК/ЙПГ террористин таасирсиз кылды. Террористтердин кол салуу аракеттерине катуу жооп кайтарууну улантабыз», делди.

Бир тараптан Ички иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Мардиндин  Багок районунда 2021-жылдын 12-15-декабрында Жандармериянын атайын операциялары жана жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияда таасирсиз кылынган 6 террористтин биринин өздүгү аныкталды жана анын катышкан террордук актылары ачыкталды.

Таасирсиз кылынгандардын арасында «Элиф Авеста» каймана аты бар Бетүл Дилердин Терроризм үчүн издөөгө алынгандар тизмесинде 500 миң лиралык сыйлык менен боз категорияда болгону аныкталды.

Террорист Дилердин 2017-жылдын 2-ноябрында Хаккаринин Шемдинли районунун Ортаклар аймагындагы 34-чек ара бригадасы командирлигине караштуу жол текшерүү пунктуна 6 аскер жана 2 коопсуздук кызматкери шейит болгон ракета атууга катышканы маалым болду.

Мындан тышкары Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагындагы көптөгөн кыймылдын аткаруучуларынын арасында террорист Бетүл Дилердин да орун алганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар