Мевлүт Чавушоглу казак тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
Казакстандагы акыркы абалдар талкууланган сүйлөшүүдө министр Чавушоглу Түркиянын Казакстанга колдоосун кайталады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу казак кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Казакстандагы акыркы абалдар талкууланган сүйлөшүүдө министр Чавушоглу Түркиянын Казакстанга колдоосун кайталады.
Сүйлөшүүдө өзгөчө 11 - январда онлайн түрүндө өткөрүлө турган жана Казакстандагы абалдар карала турган Түрк мамлекеттери уюмунун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйыны тууралуу пикир алышышты.
Казакстанда суюлтулган жаратылыш газдын баасынын көтөрүлүшү жана социалдык - экономикалык абал начарлады деген негиз менен 2 - январда башталган нааразылык акциялары Алматыда куралдуу кагылышууларга айланган.
Президент Касым Жомарт Токаев нааразылык акциялары үчүн жооптуу деп эсептеген өкмөттүн отставкасын кабыл алып, окуялардын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.