Нөшөрлөгөн жамгырдын себебинен Кара деңиз аймагында сел жүрдү

AFAD Кастамону селинде 9 кишинин каза болгонун жарыялады.

1690171
Нөшөрлөгөн жамгырдын себебинен Кара деңиз аймагында сел жүрдү

Түркия токой өрттөрү менен күрөшүп жатканда, Түркиянын Батыш Кара деңиз аймагынан кырсык тууралуу кабар келди.

Нөшөрлөгөн жамгыр Кастамону, Синоп жана Бартын провинцияларында суу ташкындарын пайда кылды.

Сел ондогон унааларды сүйрөп кетип, калктуу конуштарды кыйрандыга айландырды.

Проспекттер жана көчөлөрдү суу каптады.

Көп жерлерде жолдор жана көпүрөлөр урап түштү.

Суу каптаган аймактан чыга албай калгандар тик учактар ​​менен эвакуацияланды.

Кырсык жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Кастамону селинде 9 кишинин каза болгонун жарыялады.

Түрк Кызылайы да суу каптаган аймактарга азык -түлүк жана ысык тамак таратууну баштады.

Үй -бүлө жана социалдык тейлөө министрлиги селден жабыркаган облустарга 10 миллион лира жөнөтүлгөнүн жарыялады.

 



Тектеш кабарлар