AFAD идлибдик селден жабыркагандарга жардам берди

AFADдын билдирүүсүндө, Сирияда режим күчтөрүнүн кол салууларынын натыйжасында Идлибдин калктуу конуштарынын түштүгүнөн Түркиянын чек арасына жакын жерлерге көчүүнүн күчтүү толкуну болгонун эске салды.

1551019
AFAD идлибдик селден жабыркагандарга жардам берди

Кырсык жана чукул кырдаалды башкаруу боюнча төрагалык (AFAD) тарабынан Сириянын Идлиб аймагындагы ыраатсыз лагерлерде жашаган сел апаатынан жабыркагандарга Түрк Кызылайы аркылуу 180 чатыр жана гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

AFADдын билдирүүсүндө, 2019-жылдын декабрь айынан баштап 2020-жылдын март айына чейин Сирияда режим күчтөрүнүн кол салууларынын натыйжасында Идлибдин калктуу конуштарынын түштүгүнөн Түркиянын чек арасына жакын жерлерге көчүүнүн күчтүү толкуну болгонун эске салды.

Бул аймакка бир миллионго жакын адамдын көчкөндүгү айтылган билдирүүдө, алардын айрымдарынын инфраструктурасы жок жана тартипсиз, ижарага алган жерлеринде 50дөн 100гө чейин үй-бүлөлөрдөн турган лагерлерди түзгөндүгү баса белгиленди.

Билдирүүдө, Идлибдин Харим аймагындагы тартипсиз лагерлерде жашаган калктын ушул айда аймакты каптаган нөшөрлүү жамгырдан кийин пайда болгон сел апаатынан жабыркаганы билдирилди жана окуядан кийин Хатай AFAD директорлугу тарабынан Түркиянын Кызыл жарым ай коому аркылуу 180 чатыр жана гуманитардык жардам материалдары аймакка жөнөтүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар