Шентоп "Абди Ибрахим" фармацевтикалык компаниясын куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгы берген маалыматка караганда, Шентоп Абди Ибрахимдин Директорлор Кеңешинин төрагасы Незих Барутка телефон аркылуу байланышып куттуктады.

1494047
Шентоп "Абди Ибрахим" фармацевтикалык компаниясын куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын алдыңкы фармацевтикалык компаниясы Абди Ибрахимди Швейцариянын OM Pharma компаниясынын 28,5 пайыздык үлүшүн сатып алуусу менен куттуктады.

 Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгы берген маалыматка караганда, Шентоп Абди Ибрахимдин Директорлор Кеңешинин төрагасы Незих Барутка телефон аркылуу байланышып куттуктады.

Шентоп, сүйлөшүүсүндө Түркиянын атынан канааттангандыгын белгилеп, «Айрыкча, Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын убагында Түркиянын ден-соолук жаатындагы иш-аракеттеринин көлөмүн жана кыймыл-аракет жөндөмүн көрсөтүү жагынан өтө маанилүү»,-деп айтты.

"Абди Ибрахим", швейцариялык биргелешкен ишкана тобу менен биргеликте фармацевтика тармагынын пионери болуп саналган Швейцарияда жайгашкан 83 жылдык биотехнологиялык компания OM Pharma дары-дармек компаниясын 2 күн мурун сатып алган. Абди Ибрахим бул сатып алуу менен Европанын фармацевтикалык компаниясы менен стратегиялык өнөктөштүк түзгөн биринчи жана жалгыз түрк фармацевтикалык компаниясы катары тарыхка кирди.



Тектеш кабарлар