АКШ делегациясы Анкарада

АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Жонатан Коэндын жетекчилигиндеги делегация Сирия жана адилеттик кызматташтык биримдиги сыяктуу темаларды сүйлөшүү үчүн Анкарага келди.

894844
АКШ делегациясы  Анкарада

АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Жонатан Коэндын жетекчилигиндеги делегация Сирия жана адилеттик кызматташтык биримдиги сыяктуу темаларды сүйлөшүү үчүн Анкарага келди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда АКШнын коргоо министрлигинен жетекчилер да болгон делегация тышкы иштер министрлиги жана башкы штабдын төрагалыгында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Делегация биринчи болуп тышкы иштер министрлигине барып  кеңешчинин орун басары Ахмет Мухтар Гүндүн жетекчилигиндеги түрк делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдө адилеттик боюнча кызматташтык биримдиги сыяктуу темалар каралат.

АКШ делегациясы андан кийин башкы штабдын төрагалыгына барат жана жыйын өткөрөт.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун катчысы майор Адриан Ранкин Галлоуэй коргоо министрлигинин жетекчилеринин Африндеги абал да болгон бир топ орток коопсуздук темаларды сүйлөшүү үчүн АКШ делегациясы менен бирге Анкарада экендерин билдирген болчу.

Африндеги ПЙД/ПКК элементтеринин ДАИШке каршы коалициянын ортоктору эмес экендигине көңүлдөрдү бурган Ранкин Галлоуэй : «Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санааларына олуттуу түрдө карап жатабыз. НАТО союздашыбыз жана ДАИШ менен башка террордук уюмдар менен күрөшүүдөгү өнөктөшүбүз Түркия менен бирдикте иштешибиз керек. АКШ тарабынан да чет элдик террордук уюм катары таанылган ПККнын Түркиянын коопсуздугун коркутуусу тууралуу Түркия менен ансыз да жакындан иштеп жатабыз»,- деген болчу.



Тектеш кабарлар