Нуман Куртулмуш Казакстанда

Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш Казакстандын борбор шаары Астанада казак парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен жолугушту.

2141723
Нуман Куртулмуш Казакстанда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Түрк дүйнөсүнүн бардык тармактагы кызматташтыгынын кечээкиден алда канча маанилүү экенин белгилеп: «Биз биргеликте ийиндеш болуп, жалпы максаттарды көздөй кадам ташташыбыз керек»,-деди.

Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш Казакстандын борбор шаары Астанада казак парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Жолугушууда экономика, соода, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташуу темалары талкууланды.

Келечекте түрк дүйнөсүн жакындата турган тил, маданият жана орток тарыхый мурастар темасында биргелешип иш алпарууну каалагандарын билдирген Куртулмуш: «Бул үчүн Юнус Эмре институтунун (YEE) абдан натыйжалуу экенин билебиз. Казакстанда өзгөчө YEEнин болушу эки өлкөнү бири-бирине тезирээк жакындатат»,-деди.

Алдыдагы мезгилдин дүйнөнүн бир уюлдуу дүйнөдөн көп уюлдуу дүйнөгө айланып баратканын баса белгилеген Куртулмуш: «Ошондуктан бул жерде, өзгөчө Чыгыш менен Батыштын ортосунда; бир тарабында Кытай, бир тарабында Орусия, экинчи тарабында Европа, Кавказ жана башка Азия өлкөлөрү өтө кеңири географияга тараган жерде, 300 миллионго жакын калкы бар түрк дүйнөсүнүн өз ара биримдикте жана ынтымакта болушу көп тараптуу дүйнөлүк системанын өнүгүшүнө жана тамырлашына салым кошуп дүйнө тынчтыгына көмөкчү болот»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар