Крым татар түрктөрү мындан  80 жыл мурда өз мекенинен сүргүнгө айдалган

Крым татар түрктөрү өз жерлеринен чыгарылып, вагондор менен абдан жаман шарттарда Орто Азияга алып барылды.

2141118
Крым татар түрктөрү мындан  80 жыл мурда өз мекенинен сүргүнгө айдалган

 

Советтик лидер Сталин 1944 - жылы 18 - майда Крым татар түрктөрүн сүргүнгө айдоо чечимин чыгарды.

Крым түрктөрү үчүн кыйын күндөр башталды. 

Крым татар түрктөрү өз жерлеринен чыгарылып, вагондор менен абдан жаман шарттарда Орто Азияга алып барылды. 

Крым татар түрктөрү сүргүнгө айдалгандан бери  80 жыл өттү. 

Сүргүн чечиминин себеби кагаз жүзүндө фашисттер менен кызматташуунун түзүлүшү болгон. 

Сталиндин жашыруун жарлыгы менен 250 миң Крым татар түркү сүргүнгө айдалган.

Бирок, СССР тарагандан кийин ачылган архивдердин аркасында чындык ачыкка чыкты.

Максат Кара деңиздин айланасындагы түрктөрдү алыстатып аймакты славияндаштыруу болгон.

Сүргүн учурунда  150 миңден ашуун киши суусуздук, ачкачылык, оору жана ыңгайсыз аба шарттарынан улам каза болгон. 

Сүргүндөгүлөр  мекенге кайтуу  чечими Советтер союзу ыдырай башташы менен кабыл алынган. Бирок алар кайтып келгенде туулган жерлери  таштап кеткендей эмес эмес. Крым татар түрктөрү өз мекенинде азчылыкка айланды.

2014 -  жылы да Россия мыйзамсыз бир референдум менен Крымды аннексиялады. Крымдын негизги ээлери үчүн кыйын күндөр кайра башталды. 

Крым татарларынын өкүлү   Крым Татар Улуттук Парламентинин ишмердүүлүгү токтотулду.

Москва башкаруусунун тыюу салуусу менен  Крым татар түрктөрүнүн лидери Мустафа Абдулжемил Кырымоглу 10 жылдан бери мекенинен алыста.

 



Тектеш кабарлар