Түндүк Кипр Түрк Республикасында Азербайжан эл аралык маданият борбору азем менен  ачылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 12 жылдан бери иш алып барган  Азербайжан  -  Кипр достук коому тарабынан Лапта шаарында түзүлгөн Азербайжан эл аралык маданият борборунун ачылышы үчүн азем ткөрүлдү.

2140303
Түндүк Кипр Түрк Республикасында Азербайжан эл аралык маданият борбору азем менен  ачылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасында түзүлгөн Азербайжан эл аралык маданият борбору азем менен  ачылды. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 12 жылдан бери иш алып барган  Азербайжан  -  Кипр достук коому тарабынан Лапта шаарында түзүлгөн Азербайжан эл аралык маданият борборунун ачылышы үчүн азем ткөрүлдү.

Аземге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Республикалык парламенттин спикери Зорлу Төре, премьер  - министр Үнал Үстел, Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламенттер аралык достук группаларынын мүчөлөрү менен бирге министрлер, депутаттар менен жарандар катышты. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар аземде сүйлөгөн сөзүндө батыш дүйнөсүнүн Түштүк Кипрдын жана Европа Биримдигине мүчө айрым өлкөлөрдүн кипрдык түрктөргө карата эмбарго жана изоляцияларды киргизишинин Кипр түрк калкына жасалган чоң жамандык экендигин айтты.

Татар Кипр түрк калкын жок кылуу үчүн тымызын оюндардын ойнолуп жатканын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түрк дүйнөсү үчүн маанисине көңүл бурган Татар, түрк биримдигинин Көгүлтүр мекен жана Көк мекениндеги улуттук кызыкчылыктарды коргоо жагынан маанилүү экенин баса белгиледи.

Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын мындан ары да өнүктүрүлүшү керектигин белгилеп : "Баку жана Эржан аэропортторунун ортосундагы бул маанилүү көпүрөнү түз каттамдарды жана ортобуздагы тарыхый, маданий  байланыштарды бекемдөө биздин каалообуз жана тилегибиз»,-деди.

Борбордун курамында китепкана, сүрөт өнөрканасы, Түрк Кызматташтыгы жана Координация агенттиги ТИКАнын колдоосу менен түзүлгөн Роботик коддоо жана изилдөө борбору Гейдер Алиев мурасын изилдөө борбору, Азербайжан улуттук бийлер коому, Азербайжан жана түрк тили боюнча билим берүү бөлүмү менен  300 кишилик ачык аянт бөлүмдөрү да бар. 

Борбордун ачылышы менен бирге Азербайжандын мурдагы президенти жана улуттук лидери Гейдер Алиевдин бьюсту менен "Жүрөгүбүздөгү Азербайсан" аттуу фото көргөзмө ачылды. 

 



Тектеш кабарлар