Азербайжан Францияга каршылык көрсөттү

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин «Жаңы Каледониядагы окуяларга Азербайжан кийлигишти» деген билдирүүсүнө жооп берди.

2140606
Азербайжан Францияга каршылык көрсөттү

Азербайжан Жаңы Каледониядагы окуялар үчүн Азербайжанды айыптаган Францияга каршылык көрсттү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин «Жаңы Каледониядагы окуяларга Азербайжан кийлигишти» деген билдирүүсүнө жооп берди.

Айхан Хажызаде : "Франциянын Азербайжанды кемсинткен билдирүүлөрүн катуу айыптайбыз жана «армяндарды массалык түрдө өлтүрүү» сыяктуу кабыл алынгыс айыптоолор менен Азербайжанды каралоо кампаниясынын токтотулушун талап кылабыз»,- деди.

Хажызаде жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Франциянын ички иштер министри Дарманиндин бир телеканалга берген маегинде Азербайжанга каршы дооматтарды айтканын белгиледи.

Дарманиндин Франциянын Индо-Тынч океандагы автономиялуу аймагы болгон Жаңы Каледониядагы көз карандысыздыкты жактаган лидерлер менен Азербайжандын ортосунда байланыштын бар экенин айтканын эске салган Хажызаде : "Француз министринин негизсиз дооматтарын толугу менен четке кагабыз",- деди. 

Хажызаде : "Франциянын Азербайжанды кемсинткен билдирүүлөрүн катуу айыптайбыз жана «армяндарды массалык түрдө өлтүрүү» сыяктуу кабыл алынгыс айыптоолор менен Азербайжанды каралоо кампаниясынын токтотулушун талап кылабыз»,- деди.

Дарманин өлкөсүнүн жергиликтүү элдерге карата адамзатка каршы кылмыштарын жана миллиондогон бейкүнөө адамдардын жырткычтык менен өлтүрүлүшүнө себеп болгон колониялык өтмүшүн эске салуусунун туура болорун белгилеген Хажызаде : "Франциянын ички иштер министри Азербайжанды Жаңы Каледониядагы көз карандысыздыкты жактаган митингдерди колдоо менен айыптоонун ордуна өлкөсүнүн мындай митингдерди көкүткөн ийгиликсиз  саясаттарына көңүл бурушу керек. Францияны дагы бир жолу өлкөбүзгө карата негизсиз  айыптоолорун токтотууга чакырабыз",- деп баа берди. 

Жаңы Каледонияда көз карандысыздыкты жактагандар шайлоодогу  таасирин азайта тургандыктан француз өкмөтүнүн конституциялык реформа боюнча демилгесине каршы чыгышууда.

Аралда акыркы 2 күндө күчөгөн зомбулук окуяларында 200гө жакын жумуш орду жана 50дөн ашуун унаа өрттөлдү.

Окуялар учурунда 130 адам кармалып, 60тан ашуун күзөтчү жаракат алган.

Жаңы Каледонияда күчөгөн зомбулуктан кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар