Илхам Алиев : "ЕККУнун Минск тобун таркатуунун мезгили келди"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсү менен Армениянын ортосундагы келишпестикти чечүү үчүн түзүлгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобун таркатуунун мезгили келгендигин айтты.

2139417
Илхам Алиев : "ЕККУнун Минск тобун таркатуунун мезгили келди"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсү менен Армениянын ортосундагы келишпестикти чечүү үчүн түзүлгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобун таркатуунун мезгили келгендигин айтты.

Илхам Алиев жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу жана Мальта тышкы иштер, Европа иштери жана соода министри Ян Боргду кабыл алды.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Армения менен жүргүзгөн тынчтык сүйлөшүүлрүнө байланыштуу тынчтык үчүн негизги принциптердин Азербайжан тарабынан сунуш кылынгандыгын, тынчтык келишими текстинин да Азербайжан тарабынан даярдалып талкууга сунушталгандыгын айтты.

Илхам Алиев Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыр - чатакты чечүү үчүн түзүлгөн ЕККУнун Минск тобунун маселенин чечилиши үчүн эч нерсе жасабаганын белгилеп : «ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларынын көптөгөн жылдардан бери жүргүзгөн сүйлөшүү процесси Азербайжан жерлеринин оккупацияланышынын улантылышына кызмат кылды. Азербайжан оккупацияны токтотуп, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин камсыз кылды. Армения-Азербайжан келишпестиги эми  тарыхта калды. Ошондуктан ЕККУнун Минск тобун жана ага караштуу бардык уюмдарды таркатууга убакыт жетти. Азербайжан бул маселени күн тартибине алып чыкты. Армениянын муну кабыл албашы үчүн эч кандай себеп жок”,-деди.

ЕККУнун Минск тобу Армения  -  Азербайжан келишпестиги жана Карабах маселесинин тынчтык жолу менен чечилишин колдоо жана тараптардын ортосунда ортомчулук кылуу максатында  1992 -  жылы курулган.

Тең төрагалыгын Россия, Франция жана АКШ аткарган ЕККУнун Минск тобу өткөн жылдарда бир топ аракетте болгонуна карабастан маселенин чечилишине карата так жыйынтык чыккан эмес.

 



Тектеш кабарлар