Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов,  өлкөсү менен Армениянын ортосундагы карым - катнаштарды нормалдаштыруу боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын тынчтык келишимин даярдоо процессинин маанилүү элементи экенин белгиледи.

2138263
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян кечээ Казакстандын Алматы шаарында тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында жолугушту.

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов,  өлкөсү менен Армениянын ортосундагы карым - катнаштарды нормалдаштыруу боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын тынчтык келишимин даярдоо процессинин маанилүү элементи экенин белгиледи.

Акыркы жолу эки ай мурда  Германиянын борбор шаары Берлинде  жолугушкандарын эске салган Байрамов : «Акыркы жолугушуудан бери тараптар тынчтык келишими долбоору боюнча пикир алышты жана сүйлөшүүлөр процессинин айрым аспектилери боюнча тараптардын позицияларын чагылдырган айрым документтер да алмаштырылды",- деди. 

Байрамов 2024 - жылдын 19 - апрелинде Азербайжан - Армения чек арасынын белгилүү бир бөлүгүн делимитациялоо процессинин башталышын караган протоколго кол коюлгандыгын белгилеп : "Эксперттик топтор өз иштерин ушул протоколдун жоболоруна ылайык аныкталган мөөнөттөрдө жана чектерде жүргүзүшүүдө. Бул аймакта чек ара тилкелерин орнотуу иштери дээрлик аяктап калды",- деди.

Бул жолугушууларга чоң маани бергендерин баса белгилеген Байрамов : «Алматыдагы сүйлөшүүлөрдүн  пайдалуу болоруна ишенем жана биз алдыдагы эки күндө алгылыктуу иш алып барып,  бар маселелерди чечүү жолдорун таба алабыз деп ишенем»,- деп айтты.

Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян да  тараптардын  Алматы декларациясынын негизинде бири-биринин аймактык бүтүндүгүн өз ара таанууну ырастагандыгын белгилеп : "Өзгөчө эки мамлекеттин ортосундагы чек араны белгилө процессинин бул саясий документтин негизинде ишке ашышы керектигин да тастыкташты. Бул эки өлкөнүн ортосундагы чек араны белгилөө процессинин Советтер союзунун кулоо учурунда бар болгон чек аралардын алкагында белгилениши деген мааниге келет",- деди. 

Сүйлөшүүлөргө  конструктивдүү түрдө катышкандарын белгилеген Мирзоян : "Армениянын тынчтыкты жана тынчтык келишимине кол коюуну көздөп жатканын баса белгилегим келет",- деди. 

Министр Мирзоян тынчтык келишимине кол коюу менен эле  чектелбестен, аймактагы бардык транспорттук тоскоолдуктарды биргелешип жоюу мүмкүн экенин кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар