Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрүнүн алдындагы жолугушуулар

Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен өз-өзүнчө жолугушту.

2138160
Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрүнүн алдындагы жолугушуулар

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Казакстандын Алматы шаарында башталды.

Сүйлөшүүнүн алдында Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен өз-өзүнчө жолугушту.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Байрамов менен жолугушууда тараптар Казакстан-Азербайжан стратегиялык өнөктөштүгү жана аймактагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Байрамов Казакстан тарапка Азербайжан менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу тынчтык жараянын алдыга жылдыруу багытында көрсөткөн колдоосу жана иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн процесске салым кошоруна ишенимин айтты.

Казакстандын тышкы иштер министри Нуртлеунун Мирзоян менен жолугушуусунда да тараптар Казакстан менен Армениянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өнүгүү динамикасына канааттангандыктарын билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан жолугушууларынын символикалык маанисине басым жасашты жана эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу процессинде, өзгөчө Азербайжан менен Армениянын чек араларын аныктоодо 1991-жылы кол коюлган Алма-Ата декларациясынын маанисине көңүл бурушту.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизги күн тартибин эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси түзмөкчү.



Тектеш кабарлар