Эрсин Татар БУУнун өкүлү менен жолугушту

Президент Эрсин Татар БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү  Мария Анжела Ольгин Куэлярды президенттик аппаратта кабыл алды.

2137222
Эрсин Татар  БУУнун өкүлү менен жолугушту

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар рум бөлүгү менен расмий сүйлөшүүлөр үчүн эгемендүү теңдик жана  тең укуктуу эл аралык статустун бекитилиши боюнча компромисске барбай тургандарын белгилеп : "Позициябызда өзгөрүүнүн болбогонун БУУга билдирдик",- деди. 

Президент Эрсин Татар БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү  Мария Анжела Ольгин Куэлярды президенттик аппаратта кабыл алды.

Бир саатка жакын созулган сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат берген Татар Куэлярдын жаңы жана расмий бир процесске өтүү үчүн орток бир негиздин ба же жок экендигин изилдөө үчүн милдеттендирилгендигин эске салып : "Орток гениз жок болсо жолугушуу жана кайрадан бир сүйлөшүү процессин баштоонун мааниси жок",- деди. 

Эрсин Татар колумбиялык дипломат Куэлярдын 6 айлык кызмат мөөнөтүнүн  5 -  июлда толо утргандыгына көңүлдөрдү буруп, Куэлярдын кызматынын  акырында жаза турган отчетунун объективдүү жана чындыкты камтышы керектигин белгиледи.

Столго отуруу үчүн Кипр Түрк тарабынын ээ болгон  укуктарынын кабыл алынышы керектигин кайталаган Татар  түрк тараптын расмий сүйлөшүүлөр үчүн эгемендүү теңдиктин жана тең эл аралык статус боюнча  компромисске барбай турганын белгиледи.

"БУУга  позициябызда эч кандай өзгөрүүнүн жок экенин билдирдик. Куэльярга сүйлөшүү столуна эгемендүү теңдик  жана тең эл аралык статусунун ырасталышы менен өтүлө ала тургандыгы тууралуу позицябызды дагы бир жолу айттым",- деген Татар  Түркиянын жүргүзгөн саясаттарына толук колдоо көрсөткөнүнө көңүлдөрдү бурду.

 



Тектеш кабарлар