Өзбекстан-Венгрия эркин экономикалык аймагы

Президент Шавкат Мирзиёев Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийяртону кабыл алды.

2136884
Өзбекстан-Венгрия эркин экономикалык аймагы

Өзбекстанда венгриялык жана европалык компаниялар үчүн атайын эркин экономикалык аймак түзүлөт.

Өзбекстандын Президентик аппаратынан алынган маалыматка караганда, президент Шавкат Мирзиёев, жолугушууларды өткөрүү үчүн өлкөгө барган Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Жолугушууда Мирзиёев менен Сийярто эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого басым жасап, тараптар өнөр жай, дары-дармек өнөр жайы, билим берүү, айыл чарба, балык чарба, логистика жана башка тармактардагы кызматташууну дагы да өнүктүрүүнү кеңири талкуулашты.

Венгриялык жана европалык компаниялардын инвестициялык долбоорлору үчүн Ташкенттин жанындагы атайын эркин экономикалык аймакты тез арада активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулган жолугушууда, Өзбекстан менен Венгриянын Түрк Мамлекеттер Уюму баш болгон эл аралык жана аймактык мекемелердин алкагындагы кызматташуу темаларын да карап чыгышты.

Сийярто өлкөдөгү жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтияр Саидов менен да жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын кеңейтилишине токтолду.

Жолугушуудан кийин Саидов жана Сийярто Өзбекстан менен Венгриянын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2024-2026-жылдарга карата кызматташуу программасы жана эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташуусу жөнүндө меморандумга кол коюшту.



Тектеш кабарлар